Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 93
Чолпон-Ата айылында кароосуз калган жашылча сактоочу жайды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
Мамбет Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 14-сессиясы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбетов Анарбектин Чолпон-Ата айылында кароосуз калган жашылча сактоочу жайды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу боюча билдирүүсүн угуп,талкуулап жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчик боюнча мыйзамынын таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн “Ак-Талаа” участкасында жайгашкан жашылча сактоочу жай ээлеген жери менен Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагын көзөмөлгө алуу Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбетов Анарбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.cholpon-ata.comсайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | С. Кылданов |