Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 166
Айыл тургуну, жалгыз бой эне Жумабаева Дамиранын уулу Жумабаев Нурмухамеддин дарылануусуна акча каражатын сураган арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну, жалгыз бой эне Жумабаева Дамирауулу Жумабаев Нурмухамеддин оорусунан дарылануусуна акча каражатын сурап жазган арызы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүү менен канаатандырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Т. Асанов |