Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 168
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-март айындагы №114 токтому менен бекитилген Жобого ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Арал айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Арал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Арал айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Арал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Т. Асанов |