Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 169
Арал айыл аймагындагы калктуу конуштун административдик чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 15-сентябрь 2016-жылдагы №176 буйругунун негизинде, Арал айыл аймагынын 27-декабрь 2016-жылдагы №87 буйругунун негизинде “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Арал айыл аймагынын Арал калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Арал айыл аймагынын Арал калктуу конушунун чек арасын тактоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Арал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Т. Асанов |