Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 170
Арал айылында 2019-жылдын 22-мартында болуп өткөн Жалпы Элдик жыйындын токтомун бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл аймагында 2019-жылга мал багууда кызмат көрсөтүүнүн белгиленген наркы, мал багуучулардын бөксө жана алыскы жайлоолорго көчүп –конуу графиги жана талаптарды аткарбаган айыл тургундарына колдонулуучу жаза чаралар төмөндөгүдөй болуп бекитилсин. Алар:
Жакынкы бөксө жайлоолорго көчүү 25.04.2019- 05.05.2019-ж чейин;
Алыскы жайлоолорго көчүү 10.06.2019 - 25.06.2019-ж чейин;
Күзүндө көчүп келүү 20.09.2018-ж баштап көчүп келүүгө уруксат берилсин жана 01.10.2019-жылга чейин малы менен бөксө жайлоолордо болсун;
Күзүндө 20-сентябрдан эрте көчүп келген жана жакынкы, алыскы жайлоолорго бекитилген графиктен кеч көчкөн мал багуучуларга 15 (он беш миң ) сом өлчөмүндө айып салынсын( Бөксө жайлоолорго 1-октябрга чейин малдарын бөксө кармоо жагы белгиленсин)
Айылга жакынкы сарайларга 10.06.2019-жылдан баштап, 2 баш саан уйдан ашык мал алып калууга тыюу салынсын. 2 баш уйдан ашык мал алып калгандарга 20 (жыйырма миң ) сом өлчөмүндө айып салынсын.
Мал камаган айыл тургундары камалган малдын ээсине күбөлөрдүн катышуусунда акт түзүп, видео жазууларын топтоп, комиссияга тиешелүү документтерди тапшырып, комиссия жеринде барып арызды караганга чейин камалган малдын ден-соолугуна, аман-эсен камалып туруусуна жеке жоопкерчилик тартпайт . (Эгерде топтогон кагаздар мыйзам чегинде болсо)
01.04.2019 -10.10.2019-жылга чейин жакынкы сарайлардын жайыттарына , элдин үлүш жерлерине , аңыздарга мал жаюууга тыюу салынсын.
1.1. Жогоруда айтылган талаптарды бузган мал багуучуларга, фермерлерге жана айыл тургундарына төмөндөгүдөй айыптар мал башына салынсын. Алар:
Бодо малга (мал башына) айып 1000 сом;
Тай-торпокко (мал башына) айып 700 сом;
Кой-эчкиге (мал башына) айып 500 сом же келтирилген чыгымдын көлөмүнө жараша түзүлгөн актынын негизинде айып салынсын;
Бадага малын кошпогондорго мал башына 1000 сом өлчөмүндө айып салынсын;
Бадага мал чыгаруу жана таратуу графиги 10.04.2019 - 10.10.2019-жылга чейин белгиленсин;
1.2. 2019-жылга мал багууда кызмат көрсөтүүнүн наркы төмөндөгүдөй белгиленсин:
Жылкы мал башына 400 сомдон;
Уй(бодо мал) мал башына 400 сомдон;
Кой , эчки мал башына 40 сомдон ;
Жайытка бир жылда бир жолу төлөнүүчү бодо малга 86 сом өлчөмүндөгү, кой-эчкиге 17 сом өлчөмүндөгү салык мал багуучуга алыскы жайлоого көчүп кеткенге чейин малдын ээси тарабынан төлөнүп берилсин.
Жайыт комитети менен келишимге кол коюшуп, жайыт комитетинин жана айыл өкмөтүнүн башчысынын уруксаты жок алыскы жайлоолорго көчкөн мал багуучуларга жана фермерлерге 10( он миң ) сом өлчөмүндө айып салынсын;
1.3.Мал багуучуга жана фермерлерге коюлган талаптар аткарылбаса, жайыт комитети тарабынан 2019-жылга алыскы жана жакынкы жайлоого көчүүгө жайыттан жер берүү жагына тыюу салынсын .
2. Токтомдун көчүрмөлөрү кызыктар тараптарга берилсин жана айылдагы жарыя такталарына илинсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн алдындагы административдик комиссияга жана айыл тургундарынын арыз даттанууларын убагында карап, мыйзам чегинде жана Айылдык Кеңештин талаптарын аткарууга алуу менен иш алып баруу жагы Аксакалдар Сотуна милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Т. Асанов |