Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 171
Арал айылында 2019-жылдын 22-мартында болуп өткөн Жалпы Элдик жыйындын токтомун бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл аймагында 2019-жылга жазгы айдап-себүү, күзгү жыйноодо “Арал Сервис” ишканасынын жана жеке менчик айыл чарба техникалары бар жеке ишкерлердин айыл тургундарына кызмат көрсөтүүсүнүн наркы жана талаптарды аткарбаган айыл тургундарына колдонулуучу жаза чаралар төмөндөгүдөй болуп бекитилсин. Алар:
Жер айдоого 25 литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 1000 сом;
Тегиздөөгө 10 литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 400 сом;
Себүүгө 10 литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 500 сом;
Чым майдалоого 15 литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 600 сом;
Германка менен чөп чабууга 10 литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 700 сом;
Чөп чабуучу техника менен(косилкаменен)чөп чабууга 10 литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 600 сом;
Чөп тырмоого 8 литр литр күйүүчү май, кызмат көрсөтүүнүн акысы 400 сом;
Чөп таңдыруу түгүнө 9 сомдон , таңууга керектелүүчү жибин жана күйүүчү майын кошо эсептегенде;
Эгин чабууга кызмат көрсөтүүгө 900 сом , 25 литр май;
Шалбаа чөп чабуу 2000 сом майы ичинде;
Чөп жана эгин ташуунун кызмат көрсөтүүсү келишим баада;
Экскватордун кызмат көрсөтүүсүнүн наркы: ГАЗ-53 маркасындагы жүк ташуучу машинага топурак жүктөө жумушуна 300 сом майы ичинде; 10 тонналык КАМАЗ маркасындагы жүк ташуучу машинага топурак жүктөө жумушуна 500 сом , майы ичинде;
Таза суу киргизүүгө каздыруу иштерине 1 пагоно метри 80 сомдон, оро, ажаткананын ордун казууга 1 пагоно метрин 100 сомдон белгиленсин ;
Таза суу төлөмдөрү түтүнгө айына 50 сом, мончо жаккандар айына 200 сомдон белгиленсин;
Прицептер айылда жамандык болгондо отун алууга берилет жана 20 литр майга кетүүчү акча каражатын жалдаган айыл тургуну көтөрсүн;
Туура суудан (Терек өзөнүнөн келген суудан) үлүш жерин сугаргандарга суу төлөмү 200 сомдон белгиленсин ;
Айыл өкмөтүнүн аймагына атайын белгиленбеген жерге уруксатсыз таштанды төккөн айыл тургундарына 5000(беш миң) сом өлчөмүндө айып салынат.
2. Токтомдун көчүрмөлөрү кызыктар тараптарга берилсин жана айылдагы жарыя такталарына илинсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн алдындагы административдик комиссияга жана айыл тургундарынын арыз даттанууларын убагында карап, мыйзам чегинде жана Айылдык Кеңештин талаптарын аткарууга алуу менен иш алып баруу жагы Аксакалдар Сотуна милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Т. Асанов |