Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 172
Арал айыл аймагында жердин экспликациясы жөнүндө
“Кыргыз мамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын башкы адиси Ниязалиев Тынчтык жана Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин депутаттарынын Арал айыл аймагынын чегиндеги жерлерди инвентаризациялоо (айыл аймагында жердин экспликациясы ) боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл аймагынын чегиндеги жерлерди инвентаризациялоонун жыйынтыгы негизинген тиркелген тиркемеге ылайык белгиленсин. Алар:
Айыл аймагы боюнча жалпы айыл чарба багытындагы жерлердин аянты – 32194 га;
Айдоо – 1922 га; Анын ичинен:
Сугат - 1299 га;
Кайракы – 623 га;
Көп жылдык мөмө –дарактар – 5 га;
Анын ичинен алма-бак - 5 га;
Чөп чабынды - 367 га;
Жайыттар - 19256 га;
Токой аянттары - 167 га;
Башка тигилген бак –дарактар – 306 га;
Суу астындагы жерлер - 116 га;
Жолдордун, мал айдап чыгуучу жолдордун аянттарынын астында - 237 га;
Курулуш алдындагы, короо алдындагы , көчөлөр алдындагы – 4 га;
Бапшка жерлер – 9814 га;
Калктуу конуштардын жерлери – 300 га;
Өнөр-жай, транспорт,байланыш, коргонуу ж.б.багыттагы жерлер – 158 га;
Токой фондусундагы ( мамлекеттик) – 530 га;
Суу фондусунун жерлери , бардыгы - 3 га;
Запастагы жерлер (мамлекттик) - 1386 га;
Райондун, облустун административдик чегинен сырткары пайдаланылган жерлер - 1386 га;
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Т. Асанов |