Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 23/93
Айыл аймагына тиешелүү Дөң-Таштагы токой чарбасы иштетип жаткан жерди айылдын өсүшүнө өткөрүп алуу жөнүндө
Айыл аймагында айылдын өсүшүнө жер калтырылбагандыктан 1992-жылдан бери там салууга жер жок болуп бүгункү күндө 500го чукул адам арыз менен кайрылууда. Көп жылдардан бери Токой чарбасы пайдаланып келген айыл курууга шарты бар Дөн-Таш участкасындагы жерди алуу үчүн Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагына тиешелүү Дөң-Таш участкасындагы токой чарбасы пайдаланып келген жердин тийиштүү документтери менен такташып айылдын өсүшүнө алуу жагы айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевге тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Ырысбек Бектен |