Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 23/ 94
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн айрым статьяларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Өлкөбүздө “ 2019-жыл – аймактарды өнуктүрүү жана санариптештирүү жылы ” деп жарыялангандыгына байланыштуу Кош-Дөбө айыл аймагынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгүнүн 70921 “ Китепканалар ” бөлүмүнүн кезектүү ремонтко 2222-стаьяда каралган 40,0 миң сом акча каражатын 3112- “Машиналар жана жабдуулар” статьясына которуп берүүнү суранган Т.Абыкеев, С.Капаров жана Т.Осмоналиевалардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өлкөбүздө “ 2019-жыл – аймактарды өнуктүрүү жана санариптештирүү жылы ” деп жарыялангандыгына байланыштуу Кош-Дөбө айыл аймагынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгүнүн 70921 “ Китепканалар ” бөлүмүнүн кезектүү ремонтко 2222-стаьяда каралган 40,0 миң сом акча каражатын 3112- “Машиналар жана жабдуулар” статьясына которулуп Кара-Күңгөй китепканасына окурмандарды учурдун талабына ылайык заманбап тейлөө үчүн 1 (бир) компьютер жабдуулары менен сатып алууга уруксаат берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн тиешелүү статьяларын жылдырып берүү жагы КР Каржы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Ырысбек Бектен |