Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 23/95
Кара-Күңгөй айылына № 3 ҮДТнун имаратын салуу үчүн жер бөлүп тууралу
Айыл аймагындагы элдин саламаттыгын сактоо жана толук тейлөө үчүн Кара-Күңгөй № 3 ҮДТнун имараты бүгүнкү күндө эскилиги жетип элди толук кандуу тейлегенге мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгын белгилеп 2019-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.А.Жумабеков жана Катар мамлекетинин ыйгарым укуктуу элчиси менен келип ҮДТнун имаратын заманбап салып берүү жагы белгиленген. Жогорудагылардын негизинде Кара-Күңгөй № 3 ҮДТнун имаратын салуу үчүн жер бөлүп берүү максатында Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Күңгөй айылынын кире беришиндеги Койлубаев Омордун огородунан түштүк тарабынан муниципалдык бош жаткан 0,10 сотых жерге ҮДТнун имаратын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жерге тиешелүү документтерин алуу жана каттоодон өткөрүү жагы жер, жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис Аскарбек уулу Ноорузга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ырысбек Бектен |