Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 23/96
Кош-Дөбө айыл аймагынын социалдык инфраструктарсын жакшыртуу максатында Кара-Саз айылындагы Сагымбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинин жылытуу системасындагы авариялык абалда турган от казанын ремонттон өткөрүү жана Кара-Күңгөй айылындагы Катар мамлекетинин каржылоосу менен курулуучу Кара-Күңгөй ҮДТнун курулушунун архитектуралык, госрегистр жана башка тиешелүү документтерин даярдоо үчүн Кыргыз Өкмөтүнүн Каржы министрлигинен кошумча максаттуу трансферттен жардам суроо жөнүндө
Кара-Саз айылындагы Сагымбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинин жылытуу системасындагы авариялык абалда турган от казанын ремонттон өткөрүү жана Кара-Күңгөй айылындагы Катар мамлекетинин каржылоосу менен курулуучу Кара-Күңгөй ҮДТнун курулушунун архитектуралык, госрегистр жана башка тиешелүү документтерин даярдоо үчүн Кыргыз Өкмөтүнүн Каржы министрлигинен кошумча максаттуу трансферттен жардам суроо жөнүндөгү айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевдин билдирүүсун угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Саз айылындагы Сагымбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинин жылытуу системасындагы авариялык абалда турган от казанын ремонттон өткөрүүгө түзүлгөн эсептөөлөр боюнча 72,5 миң сом жана Кара-Күңгөй айылындагы Катар мамлекетинин каржылоосу менен курулуучу Кара-Күңгөй ҮДТнун курулушунун архитектуралык, госегистр жана башка тиешелүү документтерин даярдоо үчүн 83,7 миң сом, жалпысы 156,2 миң сом Кыргыз Өкмөтүнүн Каржы министрлигинен кошумча трансферттен жардам суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Ырысбек Бектен |