Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 23/98
Айыл аймагынын 2019-жылга карата айдап себүү, көчүп конуу, чабандардын эмгек акысы, малдан алынуучу тарифин бекитүү жөнүндө
Айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, аталган тарифтерди элге маалымат берүү жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен, (2019-жылдын 2-апрелиндеги № 5 элдик жыйындын протоколу) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык, Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарынын жалпы жамаатттын 02.04.2019-жылдын жалпы жамаатттын № 5.6 токтомдору бекитилсин.
2. Айыл аймагынын 2019-жылга карата айдап себүү, көчүп конуу, чабандардын эмгек акысы, малдан алынуучу акылар 02.04.2018-жылдын жалпы жамаатттын № 5, 6 токтомдорунун негизинде жүргүзүү жагы тийиштүү жетеккчилерге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы М.Шаршеналиев, Т.Сыдыкбеков жана айыл башчысына тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |