Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 23/ 99
Айылдын өсүшүнө жер калтырылбагандыктан Кара-Саз айылынын Матай Ашым көчөсүнүн бет маңдайы Канат көчөсүнөн жер бөлүп берүү жөнүндө
Айыл аймагында айылдын өсүшүнө жер калтырылбай бүгүнкү күндө жаштарга там салууга жер жок болуп жаткандыктан Канат көчөсүнун түндүк тарабында жашагандардын огороддорун жеринен тактап ченеп ашыгын өздөрүнүн балдарына там салууга бериле тургандыгы тууралу эл менен макулдашуу жүргүзүлгөндүгүн белгилеп, мындан сырткаары Матай Ашым көчөсүнүн бети чыгып айылды көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөөрү тууралу маалыматты угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Канат көчөсүнун түндүк тарабында жашагандардын огороддорун жеринен тактап ченеп ашыгын өздөрүнүн балдарына там салууга бериле тургандыгы белгиленсин.
2. Матай Ашым көчөсүнүн бет маңдайын чыгарып айылдын өсүшүн көрктүүлүгүн чыгаруу жагы жер, жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис Аскарбек уулу Ноорузга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ырысбек Бектен |