Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 23/100
Жергиликтүү бюджеттинин киреше болүгүндөгү айыл чарба жерин пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө
Айыл аймагында айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгынын базалык ставкасы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин № 337 статьясынын 6 болүмунө ылайык жогорулатып берүү жагын угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 1-январынан Кош-Дөбө айыл аймагынынайыл өкмөтүнүн айыл чарба жерин пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин № 337 статьясынын 6 бөлүмүнө ылайык 1 га жерге 120 сом өлчөмүндө бекитилсин.
( 1 га х 107сом 50 тыйын базалык ставка = 1,079 зоналдык коэф х 1,034 коэф.инфиляция = 119,94)
2. Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасын коэффициентти менен эсептөө 2019-2021-жылдар учун бюджеттин болжолдуу долбооруна көрсөтүлүп жана бекитилсин.
3. 2019-жылдын 1-январынан баштап көбөйтүлгөн боюнча чогултулсун. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровго жүктөлсүн.
Төрага | Ырысбек Бектен |