Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну №6
Жаңы конуш көчөлөрүнө ысым берүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы ,Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Буркановдун жаңы конуш көчөлөргө ысым берүү жөнүндө түшкөн арыздар боюнча жер жеринде барып көчө жашоочулары менен чогулуш өткөрүлүп, протоколдо көрсөтүлгөн сунуштары боюнча жаңы конуш көчөлөрүнө ысымдарды берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баймундуз айылындагы Таранчиев Садирбектин үйүнөн канал бойлоп кеткен жаны конкушка маркум Сатыбалдыев Нурпазылдын ысымы берилсин.
2. Көчөнү жашылдандырууга жана тазалыгына, шагал төшөөгө арыз ээси жардам көрсөтүп, жолдорго коюлуучу табличкаларды архитектуранын көрсөтмөсүнө негиз илинсин жана токтомдун көчүрмөсүн арыз ээсине жеткирүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы “ Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |