Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну №8
Карача айылынын тургуну Манапова Айзирек Калдарбековнанын арызы жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы ,Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылынын тургуну Манапова Айзирек Калдарбековнанын айыл өкмөтүнө кайрылган 2019-жылдын 10-июнундагы кириш №М-64сандуу идентификациялык коду менен менчиктештирилген жер тилкесинин 300кв м аянтын Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18, 20-беренелеринин негизинде Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жерлер эсебине өткөрүп бере тургандыгы боюнча арызын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылынын тургуну Манапова Айзирек Калдарбековнанын жеке менчик 300кв.метр жер аянты Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жерлер эсебине алынсын.
2. Аталган жер аянтындагы мечиттин тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул жер тилкесине мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндөгү мамлекеттик акт даярдап, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары каттап берүү жагы Базар-Коргон райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы “ Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |