Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну №9
Материалдык жардам бөлүп берүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы ,Жон айылынын депутаттарынын атынан Жон айылынын тургуну Календаров Кубаныч бир нече жылдан бери төшөктө ооруп жатып каза болгондугуна байланыштуу , Жон айылынын жашоочулары менен бирдикте үй бүлөөсүнө жашоо үчүн салынып жаткан тамына жергиликтүү бюджеттен чоң суммада материалдык жардам сурап кайрылган билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылынын тургуну Календаров Кубаныч өтө оор акыбалдагы майып болуп, каза болгондугуна байланыштуу, үй бүлөсүнө там салууга жергиликтүү бюджеттен 10000(он мин) сом өлчөмүндө материалдык жардам берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |