Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну №10
Материалдык жардам бөлүп берүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы ,Бешик-Жон айылынын тургуну Камчыбеков Манастын короо сарайы 2019-жылдын 29-майында күтүүсүз кырсыктан күйүп кеткендигине байланыштуу ,кайрадан ондоп түзөөгө жергиликтүү бюджеттен чоң суммада материалдык жардам сурап кайрылган билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Бешик- Жон айылынын тургуну Камчыбеков Манас көп жылдан бери балтак менен жүргөн инвалид болгондугун эске алып, күйүп кеткен короо сарайын кайрадан ондоп түзөөгө жергиликтүү бюджеттен 5000(беш мин) сом өлчөмүндө материалдык жардам берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |