САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 20-майы № 1
Сакалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин аткарып жаткан жумуштары жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы У.Шерматовдун маалыматы эске алынсын.
2. Сакалды айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин аткарылып жаткан жумуштары канааттандырарлык деп табылсын.
3. Аталган жайыт комитеттин бюджетине киргизилген өзгөрүүлөр жактырылысын ,башкача айтканда жайыт комитетинин киреше бөлүгү 60000 (алтымыш миӊ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Юсуповага милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Бекназаров |