Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-майы № 2
Сакалды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги айыл чарба техникаларынын ижара акысынын төлөнүшүн кароо
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарын максаттуу пайдалануу максатында жайыт комитетине АРИСТИН колдоосу менен 2017-жылы сатылып алынган Белорус тракторуна айыл өкмөттүн төлөп берген өздүк салымдын 250000(эки жүз элүү миӊ) сом өлчөмүн жайыт комитети айыл өкмөткө кайтарып төгүп берүүсү камсыздалсын.
2. Сакалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жаӊыдан техника сатып алуу жана өздүк салым төлөөгө төмөндөгү шартта макулдук берилсин:
-Аталган айыл өкмөттүн жайыт комитетине АРИСТИН колдоосу менен сатылып алынган Белорус тракторуна айыл өкмөттүн төлөп берген өздүк салымдын 2018-жыл ичинде төгүлө турган 250000(эки жүз элүү миӊ) сом каражатты жайыт комитети айыл өкмөткө казына аркылуу кайтарып төгүп берген учурда
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин мыйзамдуулук, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комитеттерине милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Бекназаров |