Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-майы № 3
Жерлерди инвентаризациялоо жумуштары жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлгөн республикалык жер фондусун инвентаризациялоонун абалы жөнүндө” айыл өкмөттүн башкы адиси К.Абдилат уулунун маалыматы эске алынсын.
2. Жер фондусун инвентаризациялоо жумушутарынын аягына чыкпай жаткан себептерин изилдөө жана бул жумуштарды ыкчам жүргүзүү менен айыл өкмөттүн сугат жерлер категориясына өзгөртүүлөрлдү киргизүүнү камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы М.Султановго жана тийиштүү адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеӊештин айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комитетине ,төрайымы Г.Альяровага жүктөлсүн.
Төрага | Д. Бекназаров |