Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-майы № 4
Кыргызстан айыл чарба кооперативинин имаратын муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл чарба кооперативинин балансындагы имарат аталган кооперативдин мүчөлөрүнүн мүлктүк үлүшү болгондуктан жана анын мүчөлөрүнүн макул эместигин эске алып, айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жок деп табылсын. Бул боюнча жашоочуларга жана мүлк ээлерине маалымат жеткирилсин.
2. Кыргызстан айыл чарба кооперативинин имаратында ачылган тарыхый музейге аталган айылдын жашоочусу Усубалиев Абдыгапар Уркумбаевичтин ысымы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин мыйзамдуулук боюнча комитетине,төрагасы А.Нышанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Бекназаров |