Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-майы № 5
Жергиликтүү кеӊешти юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Жергиликтүү кеӊештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы «Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү» №57 мыйзамынын 11-беренесине ылайык жергиликтүү кеӊешти мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү сунушун угуп, Cакалды айылдык кеӊешинин XXVII –чакырылышынын кезектеги XXIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айылдык кеӊеши юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
2. Айылдык кеӊештин фирмалык аталышы мамлекеттик тилде “Сакалды айылдык кеӊеши”,ал эми расмий тилде “Айильный кенеш Сакалды ” деп катталсын .
3 Мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө кеткен чыгымды жергиликтүү бюджеттен каржылоо айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнө башчысы А.Турганбаевага жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Ноокен району, Сакалды айылы , Ш.Моложанов көчөсү №45
Эскертүү: Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | Д. Бекназаров |