Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-майы № 6
Оор жүк ташуучу автоунааларды жөнгө салуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айылынын ички жолдору менен оор жүк ташыган автоунаалар айылды айланып чоӊ латокту бойлоп өтүүсү белгиленсин.
2. ”Чек-Сай” ЖЧКсынын жетекчиси Ш Камбаровго оор жүк ташыган автоунаалар айылдын ички жолдору менен жүрбөй турган макулдашууларды түзүп, жолго келтирилген зыянды мезгил мезгили менен оӊдоп туруу милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо максатында жол коопсуздук кызматынын адистери менен чогу иш алып баруу Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Орозалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Бекназаров |