Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-февралы № 1
Кыргызалтын» ААкнун филиалы «Макмалалтын» комбинатынын калдыктарын иштетүү боюнча курулуп жаткан Джи Эл Девелопинг фабрикасын жабуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 07.02.2018-жылдагы болуп өткөн элдин талабы менен өткөрүлгөн митингдеги алтын ылгоочу фабриканы жабуу боюнча элдин талабы канааттандырылсын, ушул күндөн баштап чакан фабриканын курулушу токтотулсун.
2. Токтомдун бирден көчүрмөсү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жана «Кыргызалтын» ААкнун филиалы «Макмалалтын» комбинатынын калдыктарын иштетүү боюнча курулуп жаткан Джи Эл Девелопинг фабрикасына берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | С. Топоев |