Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-февралы № 2
Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусу» мекемесине долбоор жазып сунуштоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын Арал , Бирдик айылдарынын жашоочулары менен болгон 08.02.2018-жылдагы чогулуштарынын №3 протоколу жактырылсын
2. Айыл элинин эӊ орчунду көйгөйлүү деп табылган төмөндөгү 1 долбоор
«Нива» комбайын боюнча долбоору жазылып Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Жогорудагы долбоорду мыйзам чегинде ишке ашыруу жана тийешелүү иш кагаздар менен камсыз кылуу жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана инвестиция боюнча адис Канболот кызы Перизатка милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |