Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-марты № 2
Көк-Ирим айыл аймагында жазгы айдап – себүү , көчүп-конуу, жайыт акысы жана жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагында жазгы айдап- себүү иштери өз убагында колго алынсын жана техниканы пайдаланууда төмөндөгү баалар бекитилсин.
- Айдоого 1га: 1000 (миң) сом акча 20 литр май;
-малалоо 1 га: 500 (Беш жүз) сом акча 10 литр май;
- себүүгө 1 га: 500 (Беш жүз) сом 10 литр май;
- борона: 1га : 800 (Сегиз жүз) сом, 10 литр май;
- чөп тырмоо: 1 га: 500 (Беш жүз) сом, 5 литр май;
-Чөптү престөө:
1) жиби менен: 10 (Он) сом, 10 литр май;
2) жиби жок: 13 (Он үч) сом, 10 литр май;
- жер айдоо 10 сотых: 250 (Эки жүз элүү) сом акча 5 литр май;
-жер малалоо 10 сотых: 150 (Жүз элүү) сом акча, 5 литр май
2. Жалпы 1 гектарга кетүүчү чыгым 2000 (эки миӊ ) сом акча, 40 (кырк ) литр май керектелээри менчик ээлерине түшүндүрүү менен иш алып барылсын.
Ички жайыттарга көчүү 10-апрелге, алыскы жайыттарга көчүү 1-майдан 5-майга чейин, ал эми кайтып келүү 1-октябрга белгиленсин,
Белгиленген убактан кеч кетсе же эрте келсе малчыга 5000 (беш миң) сом айып салынаары бадачыга тааныштыруу менен эскертилсин.
4. Көк-Ирим айыл аймагында бадачыга мал баккан акысы үчүн төмөндөгүдөй баада бекитилет жана ар бир ашыкча салынган сом үчүн чара көрүлөрү, патент киргизүү жагы каралаары эскертилсин.
- Бир баш бодо малга 300 (үч жүз) сом
- Бир баш кой-эчкиге 50 (элүү) сом
5. Көк-Ирим айыл аймагында жашылдандыруу –көрктөндүрүү иштери колго алынсын, ар бир тургундун үйүнө кирип айлана чөйрөсүн тазалоо, арыктарды чабуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин .
6. Эгер жарандардын өзүнө тийешелүү жери тазаланбаса, арыктары чабылбаса жана таштандылары чыгарылбаса 500 сом айып салынсын.
7. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап юридикалык күчкө ээ болот.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Н.Борончиевке тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |