Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-марты № 3
Көк-Ирим айыл аймагында корук маселесин чечүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында айдоо аянттарында корук уюштуруу иштерин Жайыт комитети тарабынан жүргүзүлсүн. (Жайыт комитетинин курамы тиркелет) 5 -апрелден башталсын жана бадачыларга сырткы жайыттарга 5 -майга чейин көчүү жагы милдеттендирилсин.
2. 2018-2020-жылга чейин корук иштери төмөндөгү жайыттарда жүргүзүлсүн жана мараторий жарыялансын: Тогуз-Булак, Шапактын –Бели, Жат-Торпок, Долоно-Булак, Алмалуу-Булак, Кептеш, Чалчык-Булак, Каракенин-Нооту, Таш-Булак, Кеӊ-Саз, Жалгыз-Тал, Υй-Таш, Жер-Көчкү, Кыйык-Ачуу, Как-Көл,
3. Эгерде корук мезгилинде айдоо аянттарына, чөп чабындыларга мал түшсө келтирилген чыгым мыйзам чегинде атайын түзүлгөн комиссия тарабынан эсептелинип мал ээсинен же бадачыдан өндүрүлөрү, камалган малдан чыгым болсо жоопкерчиликти мал ээси тартаары белгиленсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап юридикалык күчкө ээ болот.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Н.Борончиевке тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |