Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-марты № 4
Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылынын тургуну Асаналиева Айнура Республикалык маанидеги маданий программаларга катышып жаткандыгына байланыштуу колдоо көрсөтүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылынын тургуну Асаналиева Айнура Республикалык маанидеги маданий программаларга катышып жаткандыгына байланыштуу колдоо көрсөтүү максатында 10 000 (Он миӊ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |