Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-марты № 5
Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылынын тургуну Зекиракунов Сабыржанды «Тогуз-Торо районунун Ардактуу атуулуна» көрсөтүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылынын тургуну Зекиракунов Сабыржан Тогуз-Торо районунун өнүгүшүнө кошкон салымы, 1991-жылга чейин башкы чабан болуп эмгектенген убактарында Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланганын, Эмгек Кызыл-Туу ордени жана башка диплом, грамоталарын алгандыгын эске алып «Тогуз-Торо районунун Ардактуу атуулуна» көрсөтүүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына Зекиракунов Сабыржанды «Тогуз-Торо районунун Ардактуу атуулуна» сунуштоо жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |