Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-майы № 1
Көк-Ирим айылдык Кеӊешинин депутаттарынын Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу боюнча түзүлгөн актысын кароо жөнүндө
Көк-Ирим айылдык Кеӊешинин депутаттарынын жана транспорт министрлигинин өкүлү М. Рысалиев менен биргеликте Түндүк-Түштүк альтернативдик автоунаа жолунун курулушуна тоскоолдук жаратып жаткан 282+924 километриндеги жапайы өскөн арчалардын мыйзам чегинде кароо боюнча 27-март 2018-жылдагы актысын, Балыкчы-Жалал-Абад автоунаа жолдорун куруу долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21-май 2004-жылдагы №374 токтомун жана Түндүк-Түштүк альтернативдик автоунаа жолун каржылоо боюнча келишимди ратификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын 8-июль 2015-жылдагы №150 Мыйзамына ылайык Көк-Ирим айылдык Кеӊешинин 4-чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түндүк-Түштүк альтернативдик автоунаа жолунун курулушуна тоскоолдук жаратып жаткан 282+924 километриндеги жапайы өскөн арчаларды кароо боюнча түзүлгөн актынын негизинде аныкталган арчалар 7 даана кыркууга уруксат берилсин.
2. Түзүлгөн актыда көрсөтүлгөн жолдун курулушуна тоскоолдук жаратып жаткан жапайы өскөн арчаларды кыркууга карата түзүлгөн актыга жана ушул токтомго ылайык мыйзам чегинде уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агнттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |