Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-майы № 2
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги 31.03.2018-жылдагы XX сессиясынын « Көк-Ирим айыл аймагында жазгы айдап – себүү , көчүп-конуу, жайыт акысы жана жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери жөнүндө» № __2__ ТОКТОМУна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айылдык Кеӊешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын 2018-жыл 31-мартындагы №2 сандуу токтомунун 3-бөлүгүнүн 2-пункту жана 6-бөлүгү төмөнкүдөй өзгөртүлсүн:
Белгиленген убактан кеч кетсе же эрте келсе мыйзам чегинде административдик чара көрүлөрү бадачыга тааныштыруу менен эскертилсин.
Эгер жарандардын өзүнө тийешелүү жери тазаланбаса, арыктары чабылбаса жана таштандылары чыгарылбаса мыйзам чегинде административдик чара көрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Н.Борончиевке тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |