Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-майы № 3
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги 08.02.2018-жылдагы XIX сессиясынын «Кыргызалтын» ААКнун филиалы «Макмалалтын» комбинатынын калдыктарын иштетүү боюнча курулуп жаткан Джи Эл Девелопинг фабрикасын жабуу жөнүндө» №1 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги 08.02.2018-жылдагы XIX сессиясынын «Кыргызалтын» ААКнун филиалы «Макмалалтын» комбинатынын калдыктарын иштетүү боюнча курулуп жаткан Джи Эл Девелопинг фабрикасын жабуу жөнүндө» №1 токтомун жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Н.Борончиевке тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |