Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июлу № 1
Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылынын Т. Жээналиев көчөсүнө төгүлө турган шагылды Чийлүү- Колот участкасынан жана Колбоор суусунун жээгинен алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Арал айылынын Т. Жээналиев көчөсүн асфальттоого Тогуз-Торо райондук №18 жол тейлөө ишканасынын башчысы К. Шергазиевдин 18. 06.2018-жылдагы №2-60 сандуу каты канааттандырылып, Арал айылынын Чийлүү-Колот участкасындагы Т. Жээналиев атындагы көчөсүнүн сол тарабынан 2235 м3 шагыл жана асфальт катмарына кетүүчү 3375 м3 материал алууга Колбоор суусунун жээгинен шагыл алууга уруксат берилсин.
2. Жолду асфальттоо бүткөндөн кийин рекультивация жасоо жагы Тогуз-Торо райондук №18 жол тейлөө ишканасынын башчысы К. Шергазиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Н.Борончиевке тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |