Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу № 3
Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кабак өрөөнүнүн жайыт жерлерин изилдөөгө «Кирекс ОФ минералс» жоопкерчилиги чектелген коомуна уруксат берүү жөнүндө
Көк-Ирим айыл аймагындагы Кабак өрөөнүнүн жайыт жерлеринен изилдөө боюнча «Кирекс ОФ минералс» жоопкерчилиги чектелген коомунун берген билдирүүсүнүн негизинде, айылдык кеӊештин депутаттары талкуулап Көк-Ирим айылдык кеӊешинин (IV шайланышынын) кезектеги чакырылышынын XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кабак өрөөнүн жайыт жерлерин изилдөөгө «Кирекс ОФ минералс» жоопкерчилиги чектелген коому берген билдирүүсүнүн негизинде уруксат берилсин (Билдирүү тиркелет).
2. «Кирекс ОФ минералс» жоопкерчилиги чектелген коому менен келишимди түзүү жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. М. Эпеевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Каршы, Калыс, Жок токтом бир добуштан бекитилди.
Төрага | С. Топоев |