Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-августу №2
2017-2018-жылы Сары – Талаа участогунан “МТС-Көк-Ирим” муниципалдык ишканасына түшкөн акча каражатынан комбайн алууга 530 000 (Беш жүз отуз миӊ) сомду бөлдүрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-2018-жылы Сары-Талаа участогунан “МТС-Көк-Ирим” муниципалдык ишканасына түшкөн акча каражатынан комбайн алууга 530 000 ( Беш жүз отуз миӊ) сом комбайн алууга бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы “МТС-Көк-Ирим” муниципалдык ишканасынын башчысы Т. Жанкорозовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүккө жүктөлсүн.
Төрага | С. Топоев |