Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-августу №3
Тогуз-Торо районунун «Өнүктүрүү фонду» чакан кредиттик агентиги» коомдук фондунун уюштуруучулук курамына Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүн киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо районунун «Өнүктүрүү фонду» чакан кредиттик агентиги» коомдук фондунун уюштуруучулук курамына Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтү киргизилсин.
2. Бул токтомдун бир нускасы Тогуз-Торо районунун «Өнүктүрүү фонду» чакан кредиттик агентигине» жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | С. Топоев |