Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 1
Финансы каражаттарын жылыштыруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынан теӊдөөчү грант катары түшкөн акча каражаты корголуучу төмөнкү беренелерге жылыштырып берилсин:
Аппараттын айлык маянасынан үнөмдөлүп калган акча каражатынын 2111-статьясынан бала бакчанын 2218-статьясына 95 000 сом балдардын тамак-ашына которулуп берилсин жана ушул эле 2111-статьясынан 2231-статьясына 80 000 сом электр энергияга которулуп берилсин жана ошондой эле 2121-статьясынан үнөмдөлгөӊ сумманы 2231-статьясына 30 000 сом электр энергия үчүн которулуп берилсин.
2. М. Жунушалиев атындагы маданият үйүнүн (Клуб) айлык маянасынан үнөмдөлүп калган акча каражатынын 2111-статьясынан 2231-статьясына 27 000 сом электр энергияга которулуп жана ошондой эле 2121-статьясынан үнөмдөлгөн сумманы 2231 –статьясына электр энергия 4 000 сом которулуп берилсин жана көмүр, отундан үнөмдөлүп калган акча каражатынан 2224-статьясынан 2231-статьясына 7 700 сом электр энергияга которулуп берилсин.
3. №3 Арал китепкананын айлык маянасынан үнөмдөлүп калган акча каражатынан 2111-статьясынан 2231-статьясына 14 000 сом электр энергияга которулуп берилсин.
4. №3 Бейше, №6 Бирдик орто мектептеринин көмүр, отунунан үнөмдөлүп калган акча каражатынан 2224-статьясынан 2231-статьясына 3600 сом электр энергияга которулуп берилсин.
5. Финансы каражаттарын бир статьядан экинчи статьяга которуу жагы ФЭБ башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүккө тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К. Эпеевке милдеттендирилсин.
Төрага | С. Топоев |