Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 1
Коомдук уугуну бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттик кодексинин 79-статьясынын 8-беренесинин негизинде 2018-жылдын 15-ноябрында жергиликтүү Кеӊеш менен биргеликте өтүлгөн коомдук угуу алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Аталган токтом расмий жарыялангандан кийин , Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Көк-Ирим айыл аймагынын жооптуу катчысы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |