Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 3
Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү турак-жай жерлердин аймактарын кеӊейтүү үчүн генпландан тышкары кошумча жер аянттарын берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы Тескей участогунан 25 га суу баскан аянт, Комплекст участогунан 15 га суу баскан, Бирдик айылындагы Чырпыкты-Бейит участогунан 15 га суу баскан аянт, Токой участогунан 13 га суу баскан аянт, жалпы 68 га суу баскан жер аянты айылдарды кеӊейтүү үчүн которулсун (трансформациялансын).
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Тогуз-Торо райондук кошмо жыйынына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |