Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 4
№3 Бейше атындагы орто мектебинин кичи футбол аянтчасына Авган согушунун ардагери Алманбетов Базылдын атын берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №3 Бейше атындагы орто мектебинин кичи футбол аянтчасына Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылынын тургуну, Авган согушунун ардагери Алманбетов Базылдын аты берилип, « №3 Бейше атындагы орто мектебинин Алманбетов Базыл атындагы кичи футбол аянчасы» деп аталсын.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Топоев |