Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН XVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОН АЛТЫНЧЫ СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 18-октябры № 17-16/2
Баш-Кууганды айыл аймагындагы Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинин ашканасын оӊдоого жана жаӊы ачылган орус класска окуу китептерин алып берүүгө жергиликтүү бюджеттен мүмкүн болбогондуктан, «Баш-Кууганды» муниципалдык ишканасынын эсебинен колдоо ирээтинде акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп, Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XVII чакырылыштагы кезектеги он алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Баш-Кууганды» муниципалдык ишканасынын эсебинен колдоо ирээтинде Баш-Кууганды айыл аймагындагы Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинин ашканасын оӊдоого жана жаӊы ачылган орус класска окуу китептерин алып берүүгө 42 500 (кырк эки миӊ беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Жумуковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.jumgalrma.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Ажыгулов |