Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры №7
Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылындагы жаӊы көчөгө К. Молдокеримовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылындагы жаӊы көчөгө Молдокеримов Каттообектин ысымын ыйгарылып, Каттообеков Сыргактын үйүнөн Түйтеев Качкындын үйүнө чейинки аралык « Молдокеримов Каттообек» атындагы көчө деп аталсын.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |