Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 8
Аалиева көчөсүнө табличка илүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылынын Аалиева көчөсүндөгү турак-жайлардын катар номерлери коюлсун. Катар номер коюга керектелүүчү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Аалиева көчөсүндөгү турак-жайлардын санын тактоо жана катар номерди жасатууга кете турган чыгымдын сметасын түзүп бухгалтерияга берүү жагы жер адис Муса уулу Жанайга милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |