Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 9
Көк-Ирим айыл аймагын айыл өкмөтүнүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Жобосун» бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Жобосу» жана төмөндөгү комиссия курамы бекитилсин.
Жумабаев Калманбет: - жергиликтүү кеӊештин депутаты, комиссиянын
төрагасы;
Борончиев Нурак: - жергиликтүү кеӊештин депутаты, төраганын орун басары;
Асанбекова Айзат: - жергиликтүү кеӊештин депутаты, төраганын катчысы;
Мүчөлөрү:
Өскөнбай уулу Сүйүндүк: - ФЭБ башчысы, профсоюз уюмунун төрагасы;
Найманова Перизат: - башкы салык кызматкери, аялдар кеӊешинин төрайымы;
Чолпонкулов Мейманбек: -аймактык аксакалдар сотунун төрагасы;
Муса у Жанай: - жер адис;
Айдаралиев Улукказы: - участкалык инспектор;
Абылкасымов Бекмамыт: -аксакалдар кеӊешинин төрагасы;
Чоялиев Өскөнбай: -айылдык кеӊештин бюджет боюнча туруктуу
комиссиясынын төрагасы
2. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Аталган токтом расмий жарыялангандан кийин, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик,
регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына
тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |