Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-Декабры №1
Финансы каражаттарын жылыштыруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кенешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХVII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Көк-Ирим айыл өкмөтүндөгү 2018-жылы бекилген бюджеттен, үнөмдөлүп калган акча каражатты жылыштырып берүү:
1. Аппараттын сапар чыгымдарынын унөөмдөлуп калган акча каражатынын 2211-статьясынан 19000 сом, 2215-статьясынан 35200 сом, 2222-статьясынан 10000 сом жана 3111-статьясынан 2800 сом, жалпы биригип жогоруда көрсөтүлгөн статьялардан унөөмдөлгөн сумманы 2231-статьясына 67000 сомду электр энергия үчүн которулуп берилсин жана ошондой эле жайыттын айыл өкмөтткө төккөн акча каражатынан 2215-статьясынан 14000 сом Аппараттын 2231-статьясына электр энергия үчүн которулуп берилсин.
2. Финансы каражаттарын бир статьядан экинчи статьяга которуу жагы ФЭБ башчысы Өсконбай уулу Сүйүндүккө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Эпеевке милдеттендирилсин
Төрага | С. Топоев |