Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 2
Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө
Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин киреше,чыгаша бөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, КРнын Салык Кодекси жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жеткирилген контролдук цифранын негизинде айылдык Кенештин «Пландоо-бюджет боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып» 2019- жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү жөнүндөгү каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Өскөнбай уулу Суйундуктун билдируусун угуп жана талкуулап Кок-Ирим айылдык Кенешинин (IV-шайланышынын) кезектеги чакырылган XXVII- сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 6300,7 мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча 6300,7 мин сом суммасында № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылга консолидацияланган бюджетинин болжолу № 2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
2020-2021 жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизи көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын :
2020-жылга 6462,2 мин сом суммасында,
2021-жылга 6557,7 мин сом суммасында.
3. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү № 3 тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Көк-Ирим айыл өкмөтү 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 1% 60,0 мин сом суммасында резервдик фонду болуп бекитилсин.
6. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн аппараттын структурасы жана штаттык түзүмү №6 тиркемеге ылайык, маданият тармагынын кызматкерлеринин штаттык түзүмү №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, соц. фонддуна чегерүүлөр, дары – дармектер, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча (электрэнергия, көмүр, суу, телефон байланышы ж.б.) жүргүзүлсүн
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген электр энергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу, ар ай сайын тиешелүү мекемелер менен эсептешүү иштери камсыз кылынсын.
9. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү №33 мыйзамынын 5-пунктунун негизинде айылдык кенештин төрагасына берүү компенсация өлчөмү айыл өкмөтүнүн башчысынын негизги эмгек акысынын бир күндүк өлчөмүнө жана сессиясынын өткөрүү көлөмүнө жараша эсептелип төлөнүп берилсин.
10. Айыл өкмөтүнө караштуу социалдык обьектилерди сапаттуу жана толук каржылоо максатында «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси» жөнүндөгү мыйзамына ылайык жыл ичинде контролдук цифрадан ашыкча каржыланып кеткен чыгымдарга каржыланбай калган статьялардын эсебинен жылыштырууга, 2018-жылы төлөнбөй калган статьяларга 2019-жыл үчүн каралган бюджетинин эсебинен каржылого уруксат берилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кенештин «Пландоо-бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |