Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-апрели № 1
Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн Бакай участогунан жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21,2017-жылдын 1-июнундагы №95 Мыйзамдарынын редекциясына ылайык Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн тургундарынын турак-жай салуу үчүн болгон муктаждыгын чечүү жана Тажик Республикасы менен болгон мамлекеттик чек араны бекемдөө максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылынын Бакай участкасынан “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ”көп жылдык бак-дарактарынын” эсебиндеги Бакай участкасындагы 17,3 гажер аянты, 82,7 га таштуу жайыт жер аянты, жалпы 100,0 (жүз) га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча түзүлгөн комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Б. Арапов |