Редакцияот 08.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2019-жылдын 08-апрели № 3

Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн таштуу жайыт жерлерин Өнөр жай, транспорт, байланыш,коргонуу жана башка багытындагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо)жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21,2017-жылдын 1-июнундагы №95 Мыйзамдарынын редекциясына ылайык Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн инфраструктурасын жогорулатуу максатында жана автоунага май куйуучу бекет куруу максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылынын Ак-Сай-Баткен автожолунун түндүк-батыш тарабынан 0,20 га таштуу жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай,транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын .

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча түзүлгөн комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Арапов