Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-апрели № 4
Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн Үчдөбө айылынын Алмабак участкасындагы 3,5га жер аянтынын башкы планын (Ген план) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинини талаптарына ылайык жана Үчдөбө айылынын элдеринин суроо-талаптарынын эске алып Алмабак участкасындагы 3,5га жер аянтынын башкы планында мектепке көрсөтүлгөн жер аянты аз болгондуктан өзгөрүлгөн башкы планын бекитүү максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үчдөбө айылынын элдеринин суроо-талаптарынын эске алып Алмабак участкасындагы 3,5га жер аянтынын башкы планына өзгөрткөндүгү тууралуу башкы планы бекитилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча түзүлгөн комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Б. Арапов |